Зеленский Байденге Путин менен үч тараптуу форматта сүйлөшүүнү сунуш кылды
Ермак Атлантикалык Кеңешинин программасында берген маалыматында Донбасс кризисинин чечилишине байланыштуу АКШнын арачы болуу аракетин жогору баалагандарын белгиледи
1762953
Украинанын президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак президент Владимир Зеленскийдин АКШнын президенти Жо Байденге Россиянын президенти Владимир Путин менен үч тараптуу форматта сүйлөшүүнү сунуш кылганын билдирди.
Ермак Атлантикалык Кеңешинин программасында берген маалыматында Донбасс кризисинин чечилишине байланыштуу АКШнын арачы болуу аракетин жогору баалагандарын белгиледи.
Ермак АКШ тараптын сунушка кызыгуу көрсөткөнүн жана орус тараптан жооп күтүп жатышканын айтты.
Тектеш кабарлар
Палестинаны колдоо митингдери
Демонстранттар Израилдин Газага 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларын айыпташты.