Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракета учургандыгын билдирди

Түштүк Кореянын башкы штабынан берилген билдирүүдө  ракета учуруу тууралуу кенен маалымат берилген жок.

1762645
Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракета учургандыгын билдирди

Түштүк Корея армиясы Түндүк Кореянын чыгышка карай «аныктала албаган» бир ракета учургандыгын билдирди.

Түштүк Кореянын башкы штабынан берилген билдирүүдө  ракета учуруу тууралуу кенен маалымат берилген жок.

Бир жумадан ашыгыраак убакыттын ичинде  үчүнчү сынак экендиги белгиленген акыркы ракета сынагы АКШнын Түндүк Кореянын курал жана ракета прогаммасын каражат  менен камсыз кылган  6 түштүк кореялык, 1 орус жана борбору Россия болгон 1 фирманы санкция тизмесине алуудан бир нече күндөн кийин келди.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги 12 -  январда өлкөдө гиперсоник ракета сынагынын ийгиликтүү ишке ашкандыгын жарыялаган.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын көргөн сыноодо 1000 километр алыстыкта ​​сууда бутаны ийгиликтүү аткан гиперүндүү ракета сыналды.

Япония менен Түштүк Корея 11 - январда Түндүк Корея "баллистикалык болуу ыктымалдыгы жогору ракетасын сынаганын" жарыялашты. Эки өлкө ракетанын үндөн 10 эсе ылдам экендигин билдирген.

Түндүк Корея 5-январда "гиперүндүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын" жарыялаган.

 

 

 



Тектеш кабарлар