Орусия: «НАТО менен сүйлөшүүлөрдө негизги маселелер боюнча пикир келишпестиктер бар»

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусия менен НАТОнун коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу журналисттерге маалымат берди.

1762390
Орусия: «НАТО менен сүйлөшүүлөрдө негизги маселелер боюнча пикир келишпестиктер бар»

 

Орусия Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана НАТО менен сүйлөшүүлөрүндө негизги маселелер боюнча пикир келишпестиктер болгонун билдирди.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусия менен НАТОнун коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу журналисттерге маалымат берди.

НАТОнун Орусияга өз аймагы ичинде армиясын кантип жана каякка алып барышы керек экенине буйрук бериши мүмкүн эмес экенин баса белгилеген Песков: «Орусия өзүнүн куралдуу күчтөрүн башка мамлекеттердин территориясында жылдырган жери жок»,-деди.

НАТОнун кеңейүү коркунучун улантып жатканын белгилеген Песков: «Биз АКШнын расмий өкүлдөрүнүн НАТОго жаңы мүчөлөрдү, атап айтканда Финляндияны жана Швецияны чакырган билдирүүлөрүн угуудабыз. Айрым НАТО өлкөлөрүнөн, тактап айтканда, Балтика боюндагы кээ бир мамлекеттерден өз аймагындагы аскерлердин санын көбөйтүүнү талап кылган билдирүүлөрдү угуудабыз. Мунун баары болуп жаткан кезде, чыңалууну азайтуу үчүн бизге эмне керек?»,-деп айтты.

Орусиянын АКШ жана НАТО менен Швейцариянын Женева жана Бельгиянын борбор шаары Брюсселде коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларында пикир келишпестиктер бар экенине көңүл бурган Песков: «Кайсы бир негизги суроолорго конкреттүү жооп алуу үчүн сүйлөшүүлөр башталды. Бул негизги маселелер боюнча пикир келишпестиктер белгиленди. Бул жаман. Бул өткөн эки раунд үчүн минус катары гана каралышы мүмкүн»,-деген пикирин айтты.

АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантууга Орусиянын  саясий эрки жетиштүү экенин белгилеген Песков, тескерисинче, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө маектештердин каалабагандыктарына туш болгондорун айтты.

Түндүк Агым-2 жаратылыш газ кууру проектисинин коммерциялык экенин белгилеген Песков, муну Европанын коопсуздугу менен байланыштыруунун жөнсүз экенин айтты.

АКШ Конгрессинин Орусияга каршы даярдаган санкция долбооруна токтолгон Песков, сүйлөшүүлөр учурундагы санкция долбоорунун жарыяланышын терс көрүнүш жана Москвага басым жасоо аракети катары баалады.



Тектеш кабарлар