Гутерреш АКШ - Россия чыңалуусу тууралуу билдирди

Россиянын акыркы айларда Украина чек арасында аскердик күчүн күчөтүшү Россия  Украинага кол салат деген кооптонууну жана Батыш менен Москванын ортосундагы тирешүүнү күчөттү.

1762545
Гутерреш АКШ  -  Россия чыңалуусу тууралуу билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антони Гутерреш АКШ менен Россиянын ортосундагы чыңалуудан келип чыккан ар кандай чыр  - чатактын “Европа жана дүйнө үчүн апаат” болорун эскертти.

БУУнун башкы кеңсесинде журналисттерге маалымат берген Гутерреш Украина чыңалуусунан улам Россия, АКШ жана НАТОнун ортосундагы сүйлөшүүлөргө баа берди.

Учурдагы чыңалуудан баарынын тынчсызданганын белгилеген Гутерреш: «Европа жана дүйнө үчүн каргашалуу жаңжалды болтурбоо жана чыңалууну азайтуу максатында түзүлгөн диалог өтө маанилүү»,-деди.

Россиянын акыркы айларда Украина чек арасында аскердик күчүн күчөтүшү Россия  Украинага кол салат деген кооптонууну жана Батыш менен Москванын ортосундагы тирешүүнү күчөттү.

Чыңалууну түшүрүү чакырыктары жана бул багытта байланыштар уланып жаткан учурда Россия, АКШ жана НАТО  сүйлөшүүлөрү да уланууда.



Тектеш кабарлар