АКШ : "Россия менен дипломатияга да экономикалык санкцияларга да даярбыз"

Салливан Ак үйдө өткөргөн  күнүмдүк пресс - брифингде Россия жана Украина боюнча Женева, Брюссел жана Венадагы сүйлөшүүлөргө баа берди.

1762639
АКШ : "Россия менен дипломатияга да экономикалык санкцияларга да даярбыз"

Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Россия менен Украина темасында дипломатияга жана басып кире турган болсо экономикалык санкцияларга даяр экендиктерин билдирди.

Салливан Ак үйдө өткөргөн  күнүмдүк пресс - брифингде Россия жана Украина боюнча Женева, Брюссел жана Венадагы сүйлөшүүлөргө баа берди.

Бул сүйлөшүүлөрдө АКШ менен Россиянын тынчсыздануусун билдиргенин айткан Салливан, жылыш боло турган же болбой турган тармактарды да ачык айткандарын белгиледи.

Салливан : «Сүйлөшүүлөр ачык жана түз өттү. Пайдалуу сүйлөшүү болду. Бул сүйлөшүүлөр бизге жана Россияга ойлонууга материалдарды берди»,- деди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин союздаштары менен процесстин кантип улана турганын сүйлөшө тургандарын айткан Салливан: «Евро - Атлантиканын коопсуздугун жана стабилдүүлүгүн жакшыртуу үчүн дипломатияга даярбыз. Ошол сыяктуу эле Россия башка жолду тандай турган болсо, буга да жооп берүүгө даярбыз. Өнөктөштөрүбүз Россия Украинага басып кире турган болсо  ишке ашырыла турган катаал экономикалык санкциялар боюнча тыгыз кызматташууну улантуудабыз»,- деди.  

АКШнын Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдоону улантып жаткандарын баса белгилеген Салливан : «Россияга аскердик интервенциянын чыгымдарын жана кесепеттерин ачык айттык”,- деди.

Россия менен сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жаңы бир күндүн аныктала электигине көңүл бурган Салливан союздаштары жана Россия менен да жолугушууларды улантышарын айтты.

 



Тектеш кабарлар