Путин-Токаев сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Токаев Путинге маалымат берди.

1762181
Путин-Токаев сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын Президенттигинин (Кремль) билдирүүсүнө караганда, Токаев Путинге Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн аракеттерин эске алуу менен Казакстанда тартипти орнотуу чаралары тууралуу маалымат берди.

Токаев Орусиянын көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирген сүйлөшүүдө, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлерин Казакстандын аймагынан макулдашып чыгарууну баштоого байланыштуу маселелер талкууланды.

6-январда Орусия, Беларусь, Армения, Кыргызстан жана Тажикстандын Казакстанга жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнөн турган ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн чыгаруу жараяны бүгүн башталганы маалым болду.



Тектеш кабарлар