Орусия 10 миңден ашуун аскер менен машыгуусун баштады

Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Түштүк Аскердик аймагынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түштүгүндөгү көптөгөн машыгуу аянттарындагы машыгуулар башталганы белгиленди.

1761944
Орусия 10 миңден ашуун аскер менен машыгуусун баштады

Орусия 10 миңден ашуун аскеринин катышуусунда Украина чек арасына жакын жерде аскердик машыгуу баштады.

Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Түштүк Аскердик аймагынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түштүгүндөгү көптөгөн машыгуу аянттарындагы машыгууга Карадеңиз жана Каспий флотунан аскердик бөлүктөр менен мотоаткычтар батальондорунун  катышканы белгиленди.

Билдирүүдө, «10 миңден ашык аскер кызматкерлеринин катышуусу менен Волгоград, Астрахань, Ставрополь, Ростов жана Краснодар облустарында машыгуулар өткөрүлөт. Тактикалык топтор, аскердик артиллериялык батареяларга каршылык көрсөтүүнүн, авиация жана снайпердик түрдүү чалгындоо жана чабуул коюу системаларынын бир бөлүгү катары тактикалык операциялардын жаңы ыкмаларына адистешет»,делди.

Орусия менен НАТОнун ортосундагы Украина маселесине байланыштуу чыңалуудан улам кечээ Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жыйын өттү.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко жолугушуудан кийин жасаган билдирүүсүндө, Орусиянын коопсуздук сунуштарына НАТОдон «так» жооп күткөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар