Израиль Чыгыш Кудста бир мечитти кулатуу чечимин чыгарды
Мечиттин 4 күндүн ичинде кулатылары белгиленди.
1762211
Израилге караштуу Кудс муниципалитети оккупациядагы Чыгыш Кудста курулуп жаткан бир мечитти кулатуу чечимин чыгарды.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда Чыгыш Кудстун Исевиййе маалысында 15 күн мурда пайдубалы түптөлгөн Таква мечити үчүн Кудс муниципалитетинен кулатуу чечими чыкты.
Кабарда 300 метр квадраттык аянтта курула баштаган мечитти уруксатсыз деген чечимдин негизинде 4 күндүн ичинде кулатылары белгиленди.
Мечиттин кулатылышын токтотууну каалаган палестиналыктар соцтармактан «Мечиттерибизди бузууга болбойт» деген кампания башташты.
Израиль полициясы 3 - январда маалада тинтүү жүргүзүп, мечиттин курулушуна бөгөт коюуга аракет кылган.