Сомалиде болгон жардырууда 10 адам каза болду
Каза болгон 10 адамдын бешөөсү коопсуздук кызматкери.
Сомалинин борбор шаары Могадишодо бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган террордук кол салууда 10 адам каза болду. Алардын ичинен 5 адам коопсуздук кызматкери болгон.
Банадир аймактык башкаруусунун губернаторунун коопсуздук боюнча орун басары Али Яре Али шаардын Вабери районунда «21 – Октябрь» жолунда бомба жүктөлгөн унаанын жардырылышынын натыйжасында 10 кишинин каза болгонун билдирди.
Көп сандаган жаралуунун бар экендигин айткан Али, каза болгондордон 5 адамдын коопсуздук кызматкери экендигин белгиледи.
Могадишодо полиция кызматкери Абдифетах Хассан Аден аэропортунун кире бериштеринин бирине жакын аймактагы жардыруудан кийин айланадагы имараттардын зыян тарткандыгын айтты.
Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм Еш – Шебаб алды.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.