Путин Ковид - 19 бейтап санында көбөйүүнүн болушу боюнча эскертти
Путин өкмөт мүчөлөрү менен онлайн өткөргөн жыйынында өлкөдөгү эпидемияга байданыштуу кырдаалга баа берди.
Россиянын президенти Владимир Путин өлкөсүндө Ковид - 19 бейтаптарынын ылдам көбөйүшү мүмкүн экендигин белгиледи.
Путин өкмөт мүчөлөрү менен онлайн өткөргөн жыйынында өлкөдөгү эпидемияга байданыштуу кырдаалга баа берди.
Ковид - 19 эпидемиясы менен күрөшүү тууралуу Россия жана бүткүл дүйнөдө актуалдуу экендигине көңүлдөрдү бурган Путин Ковид - 19дун коомчулуктун тынчын алууну улантып жаткандыгын айтты.
Путин : «Албетте кыйын жана күчөп кетиши мүмкүн болгон абалдабыз. Майрам көпкө созулду. Бул процессте адамдар бири бири менен байланышта болду жана мунун өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга таасирин тийгизбеши мүмкүн эмес»,- деди.
Россиянын вице - премьер - министри Татьяна Голикова да өлкөдө жылдын аягында омикрон бейтаптарынын көбөйө баштагандыгын жана мунун Ковид - 19 эпидемиясынын жайылышын ылдамдаткандыгын айтты.
Голикова : «Максатыбыз вирустун жайылышын алдына алуу үчүн керектүү чараларды көрүү»,- деди.