Израиль аскерлери бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль аскерлеринин зомбулугуна дуушар болгон 80 жаштагы палестиналык каза болду.

Оккупациядагы Батыш Шерианын Рамаллах шаарында Израиль аскерлеринин зомбулугуна дуушар болгон 80 жаштагы палестиналык каза болду.
Рамаллахка караштуу Селсилия аймагынын муниципалитет төрагасы Фуад Фаттум Галгаля айылында тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрүнүн Өмер Абдулмежид Есадга зомбулук көрсөтүү менен камакка алгандыгын айтты.
Израиль аскерлеринин бир канча убакыттан кийин айылдан кеткендигин билдирген Фаттум айылдыктардын картаң палестиналыкты курулуп жаткан үйдөн тапкандарын маалымдады.
Фаттум айылдын тургундары тарабынан Рамаллахтагы бир ооруканага алып барылган 80 жаштагы Есаддын куткарыла албагандыгын айтты.
Израиль армиясынан бул тууралуу маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
Хаависто: «Финляндия Түркияны ишендире алат»
Хаависто өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк арызы тууралуу Yle телеканалына баа берди.