EMA: «Омикрондун тез жайылышы бизди пандемиядан эндемияга алып барышы мүмкүн»

EMAнын вакцина стратегиясы үчүн жооптуу кызматкери Марко Кавалери Ковид-19 эпидемиясы жана вакциналарга байланыштуу акыркы абал тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.

1761426
EMA: «Омикрондун тез жайылышы бизди пандемиядан эндемияга алып барышы мүмкүн»

Европа Биримдигинин (ЕБ) дарыларды жөнгө салуучусу болгон Европанын Дары-дармек агенттигинин (EMA) расмий өкүлдөрү коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) Omicron вариантынын тез жайылышын оң баалашпаса дагы мунун пандемиядан эндемияга чейинки процесске алып келери мүмкүн экенин айтышты.

EMAнын вакцина стратегиясы үчүн жооптуу кызматкери Марко Кавалери Ковид-19 эпидемиясы жана вакциналарга байланыштуу акыркы абал тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.

«Тоннелдин аягындагы жарыкка качан жетебиз?» деген суроого жооп берген Кавалери:«Биз муну билбейбиз, бирок эң негизгиси жана биз көрүп жаткан нерсе бул вирустун эндемикалык болуп калганы. Бирок, учурда эндемикалык абалга келдик деп айта албайбыз. Учурда коронавирус дагы эле пандемиялык вирус сыяктуу аракеттенүүдө. Омикрондун өзгөчө кырдаалдары бизге муну көрсөтүп турат»,-деп айтты.

«Биз дагы эле пандемияда экенибизди унутпашыбыз керек»,-деп айткан Кавалери эл арасында иммунитеттин жогорулашы жана Omicron вариантынын жайылуусу менен вакциналарга кошумча табигый иммунитет дагы жогорулай турганын, ошондуктан пандемиядан эндемияга жакыныраак сценарийге карай тез прогресс байкалаарын айтты.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Omicron бир нече айдын ичинде Европа калкынын жарымынан көбүнө жугушу мүмкүн деген билдирүүсүнө баа берген Кавалери, Омикрон толкунунун жүгүнө тынчсыздангандыктарын баса белгилеп, оору салыштырмалуу жеңилдей көрүнгөнү менен, бул толкундун кесепеттерине даяр болуу керектинин баса белгиледи.

Omicron варианты көбүрөөк жугуштуу болгондуктан, көптөгөн адамдар симптомдорду көрсөтпөсө дагы, вируска кабылышаарын белгилеген Кавалери:«Бул баарыбыздын иммундук системабызды табигый түрдө көтөрө алабыз дегенди билдирет. Иммунитеттин кошумча катмарынын пайда болушу чечүүчү мааниге ээ, анткени бул эпидемияны эндемияга айландырышы мүмкүн.

Omicronдун жайылышы жакшы жаңылык эмес, бирок биз бул толкундун Европада жана дүйнөнүн башка жерлеринде таасири күчөгөндөн кийин, көптөгөн адамдар вирусту жуктуруп алышат жана ошентип тездик менен пандемиядан эндемияга жакын сценарийге өтөт деп ойлойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар