Песков Казакстан тууралуу билдирүү жасады

Дмитрий Песков борбор калаа Москвада актуалдуу маселелер боюнча журналисттерге маалымат берди.

1760809
Песков Казакстан тууралуу билдирүү жасады

Орусия Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тынчтык орнотуучу күчүн өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алуу укугу Казакстанда экенин билдирди.

Орусиянын Президенттигинин (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор калаа Москвада актуалдуу маселелер боюнча журналисттерге билдирүү жасады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ЖККУнун Тынчтык күчүнүн 2 күндөн кийин акырындап өлкөдөн чыга баштайт деген билдирүүсүнө баа берген Песков: «Бул толугу менен ЖККУга кайрылган өлкөнүн эксклюзивдүү укугу. Бул алардын анализи жана биздин ага кийлигишүүгө укугубуз жок»,-деп айтты.

Песков АКШ менен Орусиянын ортосунда кечээ Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн коопсуздук сүйлөшүүлөрүнө да баа берип: «Азырынча биз оптимист болууга эч кандай негиз көрбөй жатабыз»,-деди.

Песков аты аталган сүйлөшүүлөрдө бир жыйынтыкка жетишүү керектигин баса белгилеп: «Бул абал, процесс болсун деп ишке ашырылган жараян эмес. Ал канааттандырарлык болушу мүмкүн эмес, анткени бул жерде жыйынтык маанилүү. Азырынча жыйынтык тууралуу айта турган эч нерсе жок»,-деп айтты.

Песков алдыда сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасынын өткөрүлө турганына да көңүл бурду.


Этикеткалар: #ЖККУга кайрылган

Тектеш кабарлар