Донбасста жарылуу болду

Жарылууда эки украин аскери каза болду.

1760315
Донбасста жарылуу болду

Украинанын чыгышындагы Донбасста эки аскер жардыргыч заттардын жардырылышынын натыйжасында каза болду.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө, жардыргыч заттардын жардырылышынын натыйжасында эки украин аскеринин каза болгондугу билдирилди.

Билдирүүдө Пиский аймагындагы жикчилдердин ок атышпоо келишимин эки жолу бузганы белгиленди.

Борбор шаар Киевде мезгилдин президенти Виктор Януковичтин Европа Биримдигинин Өнөктөштүк келишимине кол койбошу менен 2013 -  жылы 21 -  ноябрда митингдер башталган.

Митингдердин күч алышы менен 2014 -  жылы февраль айында Януковичтин  өлкөдөн качып кетиши менен өлкөнүн чыгышындагы Донбасс аймагынын Донецк жана Луганск шаарларында Россия тараптары жикчилдер көз карандысыздыктарын жарыялаган.

Жикчилдер менен Киев башкаруусунун ортосунда 2014 -  жылдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда 13 000ден ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар