Ковид - 19дан 2000дей журналист каза болду

Press Emblem Campaign (PEC) дүйнөлүк эпидемиянын башталышынан бери Ковид  - 19дан каза болгон журналисттердин саны тууралуу акыркы статистикаларды жарыялады.

1759201
Ковид  - 19дан 2000дей журналист каза болду

Ковид  - 19дан улам ушул кезге чейин 94 өлкөдөн 2 000ге жакын журналист каза болду.

Жалпы дүйнөдөгү журналисттердин мыйзамдуу укугун жана коопсуздугун  түзүү үчүн иштеген, борбору Женева болгон Press Emblem Campaign (PEC) дүйнөлүк эпидемиянын башталышынан бери Ковид  - 19дан каза болгон журналисттердин саны тууралуу акыркы статистикаларды жарыялады.

PECтин отчетунда  эпидемия башталгандан бери кеминде 2000 журналисттин вирустан каза болуу ыктымалынын бар экендиги белгиленди жана : «Айрым өлкөлөрдө журналисттердин өлүм себеби билдирилбегендиктен жана категорияларга бөлүнбөгөндүктөн негизги каза болгондордун саны дагы көп. Кээ бир өлкөлөрдөгү маалыматтар ишенимдүү эмес. Ошондуктан 2000 деп көрсөтүлгөн сан абдан төмөн болгон бир божомол»,- деп билдирилди.

Отчетто Ковид  - 19 вакцинасынын  чыгарылышы менен өткөн жылы журналисттердин вирустан өлүмү азайгандыгы маалымдалды.

2020 -  жыл 1 -  марттан бери PECке дүйнөдөн жалпы 1940 журналисттин Ковид – 19дан каза болгондугу тууралуу маалыматтын келгендиги,  бул сандын 954нүн Латын Америка, 556сынын Азия, 263нүн Европа, 98нин Африка жана 69нун Түндүк Америка өлкөлөрүндөгү журналисттер экендиги белгиленди.

Өлкө базасында алганда эң көп кишинин Бразилияда каза болгондугу жана ушул кезге чейин 295 журналисттин Ковид  - 19дан каза болгондугу тууралуу маалымат берилди.

PECтин Индия өкүлү Нава Такуриа отчет тууралуу сөз сүйлөп, бардык Ковид  -19 өлүмдөрү аныктала турган болсо  Индияда кеминде 400 медиа кызматкеринин вирустан каза болушу мүмүкн экендигин баса белгиледи.

PECтин башкы катчысы Блез Лемпен да 2021 -  жылдын биринчи жарымында 1175, экинчи жарымында 225 журналисттин вирустан каза болгондугу тууралуу маалыматты берип : «Эмдөөлөрдүн кеңири жайылышы менен каза болгондордун саны азайды»,- деди.



Тектеш кабарлар