Pfizer жана BioNTech Herpes zoster оорусуна каршы вакцина иштеп чыгышат

BioNTech компаниясынын интернет сайтындагы жазуу түрүндөгү жарыяда вирустар аркылуу жугуучу жугуштуу оору болгон зонага каршы чыгарылышы пландалган вакцинанын изилдөө, өнүктүрүү жана соодасына байланыштуу келишим түзүлгөнү жарыяланды.

1757746
Pfizer жана BioNTech Herpes zoster оорусуна каршы вакцина иштеп чыгышат

Америкалык фармацевтикалык компания Pfizer жана немис биотехнологиялык компаниясы BioNTech тиймеге оорусуна (Herpes zoster) каршы биринчи m-RNA (м-РНК) негизиндеги вакцинаны иштеп чыгуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту.

BioNTech компаниясынын интернет сайтындагы жазуу түрүндөгү жарыяда вирустар аркылуу жугуучу жугуштуу оору болгон тиймеге каршы чыгарылышы пландалган вакцинанын изилдөө, өнүктүрүү жана соодасына байланыштуу келишим түзүлгөнү жарыяланды.

Эки компаниянын илимпоздору Ковид-19 вакцинасын иштеп чыгууда колдонулган платформаларда м-РНК технологиясы менен тиймеге оорусуна каршы вакцинаны иштеп чыга башташат деп жазылган.

Келишимге ылайык, Pfizer BioNTech компаниясына алдын ала 225 миллион АКШ долларын, ал эми BioNTech компаниясы антигендик технологиясы үчүн Pfizer компаниясына 25 миллион доллар төлөй турганы жарыяланды.

Билдирүүдө Pfizer-BioNTech компаниясынын тиймеге каршы вакцинасынын биринчи клиникалык сыноолорунун 2022-жылдын экинчи жарымында башталышы пландалып жатканы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар