Омикрон варианты Европада "цунами" таасирин жаратууда

Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө акыркы бир жумада бейтап саны мурунку бир жумага караганда 100 пайызга көбөйдү.

1758292
Омикрон  варианты Европада "цунами" таасирин жаратууда

Ковид  - 19дун омикрон варианты барган сайын таасирин күчөткөн Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө акыркы бир жумада бейтап саны мурунку бир жумага караганда 100 пайызга көбөйдү.

Дүйнө боюнча  Ковид – 19 бейтаптарынын  статистикасын камтыган worldometers.info сайтында аймак өлкөлөрүндө 30 - декабрдан бери акыркы 7 күндө байкалган бейтап  жана өлүмдөрдүн көбөйүшү мурунку 7 күн менен салыштырылды.

Акыркы бир жумадагы бейтап санынын өсүү катнашы дээрлик бардык аймак өлкөлөрүндө жогорулагандыгы байкалууда.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адхамон Гебрейесус өткөн жылдын акырында берген маалыматында омикрон вариантынын «цунами» таасирин жаратуусунан тынчсызданып жаткандыгын белгилеген.

Гебрейесус дүйнө жүзү боюнча тездик менен жайылып жаткан омикрондун Дельта варианты менен бир убакта жайылгандыктан, оорулардын саны дүйнө жүзү боюнча көбөйөрүн эскерткен.



Тектеш кабарлар