Бир палестиналык Израиль аскери менен кагылышууда каза болду
Бул тууралуу лагерде жашаган палестиналык журналист Эмин Эбу Вирде билдирди.
Израилдик аскерлер оккупация астындагы Батыш Шерианын түндүгүндө жайгашкан Балата Палестина качкындар лагеринде тинтүү жүргүзүп, куралдуу кагылышуу чыкты. Чыккан кагылышууда бир палестиналык каза болду.
Лагерде жашаган палестиналык журналист Эмин Эбу Вирде Израиль күчтөрүнүн Наблус шаарындагы Балата качкындар лагеринде тинтүү жүргүзгөндүгүн белгиледи.
Эбу Вирде палестиналык каршы чыгуучулардын лагерде тинтүү жүргүзгөн Израиль аскерлерине курал менен каршылык көрсөткөндүгүн жана бул жерде чыккан кагылышууда Бакир Хашшаш аттуу жигиттин оор жаракат алгандыгын белгиледи.
Хашшаштын Наблустагы Рафедия мамлекеттик ооруканага алып барылгандыгын, бардык жардамдарга карабастан куткарыла албагандыгын айткан Эбу Вирде Израиль күчтөрүнүн лагерден чыгып жатып бир палестиналыкты камакка алгандыгын да маалымдады.
Окуяга байланыштуу Палестина же Израил бийликтеринен азырынча эч кандай билдирүү келе элек.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.