АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен израилдик кесиптеши менен сүйлөштү

Эки министр аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.

1758082
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен израилдик кесиптеши менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен израилдик кесиптеши Яир Лапид менен "Россиянын Украинага карата агрессивдүү мамилесин" жана Иранга байланыштуу маселелерди талкуулады.

АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Блинкен менен Лапид телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эки министр аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.

Сүйлөшүүдө «Россиянын Украинага карата агрессивдүү мамилеси жана Ирандын аймак үчүн жараткан маселесинин» талкууланганы белгиленип, Блинкендин «АКШ башкаруучулугунун Израилдин коопсуздугуна карата бекем чечкиндүүлүгүн баса белгилегени» билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар