АКШ менен БУУ Казакстандагы окуялардан улам сабырдуулукка чакырды

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Казакстандагы окуяларды тынчсыздануу менен иликтеп жатышкандарын билдирди.

1758077
АКШ менен БУУ Казакстандагы окуялардан улам сабырдуулукка чакырды
stephane dujarric.jpg

АКШ башкаруусу Казакстанда «тынчтык» жана «конституциялык мекемелерге сый» көрсөтүүгө чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Жо Байден башкаруусунун Казакстандагы окуяларды жакындан иликтеп жатканын белгиледи.

Прайс билдирүүсүндө зордук - зомбулук жана мүлккө зыян келтирүүнү айыптагандарын белгилеп : «Жетекчилерди да митингге чыккандарды да тынчтыкка чакырабыз. Казакстан калкынын конституциялык мекемелерди, адам укуктарын, басма сөз эркиндигин сыйлап, коргоосун каалайбыз. Ошондой эле бардык тараптарды өзгөчө кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырабыз»,- деди.  

Бир тараптан БУУ Казакстанда болуп жаткан митингдер жана өлкөдө өзгөчө кырдаалдын жарыяланышынан кийин сабырдуулукка, зомбулуктан качууга жана диалогго чакырды.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Казакстандагы окуяларды тынчсыздануу менен иликтеп жатышкандарын билдирди.

Дюжаррик Казакстандагы бардык тараптарды сабырдуулукка, зордук - зомбулуктан алыс болууга жана диалогго чакырды.

Казакстандын батышында 2 - январдан тарта LPGнын (суюлтулган газдын) кымбатташы жана өлкөдөгү социалдык - экономикалык абал начарлады деген негиз менен башталган нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.

Көчө окуяларына айланган нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрү менен митингчилердин ортосунда кагылышуу чыкты.

Полициянын жана аскердик унааларды өрттөп, өкмөттүк имараттарга кирген митингчилерге коопсуздук күчтөрү үн бомбалары менен кийлигишти.

Казакстандын президенти Касым Комерт Токаев нааразылык акциялары үчүн жооптуу деп эсептеген өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Нааразылык акцияларынын жайылышы менен  оболу борбор шаар Нур  - Султан, Алматы шаары жана Мангыстау облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.  Андан кийин өзгөчө кырдаал чечиминин өлкөнүн бардык аймактарында күчүнө киргендиги жарыяланды.



Тектеш кабарлар