Сириядагы америкалык базанын айланасына ракеталык чабуул жасалды
Бул тууралуу жергиликтүү булактардан маалымат алынды.
Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор провинциясында АКШ күчтөрү жайгашкан Омар мунай кенинин айланасына ракеталык чабуул жасалды.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Дейр-эз-Зор провинциясынын чыгышындагы Иран колдогон чет элдик террордук топтор жайгашкан Маядин аймагынан АКШ күчтөрү жайгашкан Омар мунай кенинин айланасына ракеталык чабуул жасалды.
10го жакын ракета менен жасалган чабуулдун натыйжасында мунай кенинде жабыркагандар болгон жок.
Америкалык күчтөр ошондой эле Иран колдогон террордук топтор жайгашкан Маядин районун артиллериялык аткылоо менен бутага алды.
Бир тараптан АКШ жетектеген коалиция күчтөрү кечээ Сириянын чыгышында америкалык аскерлер колдонгон объектке коркунуч туудурган кыска аралыкка атуучу ракета позицияларына сокку урган.
Коалиция күчтөрүнүн билдирүүсүндө Сириянын Йешилкөй аймагына жакын жерде атуу позицияларынын коркунуч жаратканы жана коргонуу максатында аткыланганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.