Кытайда карантин киргизилгендиктен эл азык-түлүккө буюмдарын алмашууда
Социалдык тармактарда айрым жарандардын азык-түлүктөрү түгөнүп, жардамга жете албай жатканы тууралуу кабарлар чыкты.
Кытайда жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынан улам, 23-декабрдан тарта Шаанши провинциясынын борбору Сиань шаарында карантин чаралары жүргүзүлүп, адамдар өз буюмдарын негизги азык-түлүккө алмаштыра башташты.
Кирүү-чыгуусу токтотулган 13 миллион калкы бар шаарда 28-декабрдан бери карантиндеги адамдарды колдоо үчүн негизги азык-түлүктөр таратылды.
Бирок социалдык тармактарда айрым жарандардын азык-түлүктөрү түгөнүп, жардамга жете албай жатканы тууралуу кабарлар чыкты.
Weibo социалдык тармагында карантиндеги адамдар негизги тамак-ашка жетүү үчүн тамеки, тазалоочу материалдарды жана ал тургай электрондук буюмдарды алмаштырып жатканы бөлүшүлгөн.
Колдонуучунун оюн консолун тез даярдалуучу кесме менен эки даана мантыга алмаштырып алганы тууралуу билдирүүсү көптөр тарабынан цитаталанган.
Шаарда биринчи жолу атамекендик оорулар пайда болгон 9-декабрдан бери аныкталган учурлардын саны 1793кө жетти.
Жергиликтүү саламаттыкты сактоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Ма Гуанхуи маалымат жыйынында карантиндик чаралардын аркасында күнүмдүк оорулардын саны бир орундуу сандарга чейин кыскарганын жана коомчулуктун ичиндеги жайылуу негизинен көзөмөлгө алынганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.