Европа Биримдиги Молдовага 150 миллион евролук жардам берет
Европа Биримдиги Ковид - 19 эпидемиясы жана энергетика кризисинен улам экономикалык кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан Молдовага 150 миллион евролук финансылык жардам берет.
Европа Биримдиги Ковид - 19 эпидемиясы жана энергетика кризисинен улам экономикалык кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан Молдовага 150 миллион евро финансылык жардам берет.
Европа Биримдиги Комиссиясы Молдованын талабы боюнча өлкөгө жаңы макро финансылык жардам пакетинин даярдалгандыгын билдирди. Маалыматта Молдованын эпидемия, энергетика кризиси жана төлөмдөр балансы көйгөйлөрүнөн улам оор мезгилди өткөрүп жатканы белгиленди.
Европа Биримдигинин Молдовага 30 миллион евро грант менен ыңгайлуу шарттар менен 120 миллион евро орто мөөнөттүү насыя бере турганына көңүл бурулуп, Молдованын коррупция жана башкаруу көйгөйлөрү менен натыйжалуу күрөшүшү керектиги белгиленди.
Билдирүүдө айтылган финансылык колдоонун күчүнө кириши үчүн бул этаптан кийин Европарламент (ЕП) жана Европа Кеңеши тарабынан бекитилиши керектиги белгиленди.
Маалыматта айтылган финансылык колдоонун күчүнө кириши үчүн бул этаптан кийин Евро Парламенти жана Европа Биримдиги Кеңеши тарабынан бекитилиши керектиги белгиленди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.