АКШдагы COVID-19 жардам берүү фондуна алдамчылык...

Федералдык соттун ишинде 27 жаштагы шектүү Валески Баросиге шериктери менен бирге өкмөттүн Ковид-19 жардам фондун алдаган деген айып тагылган.

1756822
АКШдагы COVID-19 жардам берүү фондуна алдамчылык...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Флорида штатында бир адам өкмөттүн жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) жардам берүү фондуна жалган арыздарды берүү менен 4,2 миллион долларды алмакчы болду деп айыпталууда.

Федералдык соттун ишинде 27 жаштагы шектүү Валески Баросиге шериктери менен бирге өкмөттүн Ковид-19 жардам фондун алдаган деген айып тагылган.

Баросиге өкмөт тарабынан Ковид-19 жардам фонду катары эпидемиядан жапа чеккендерди колдоо үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдө 5 электрондук алдамчылык, 3 акчаны адалдоо жана 1 ири өздүк уурдоо пландалган деп айыпталган. Эгер шектүү сот тарабынан күнөөлүү деп табылса, ал 132 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сотко берилген айыптоо корутундусуна ылайык, Бароси жана анын шериктери 4,2 миллион долларлык Paycheck Protection Program насыясын талап кылып, алдамчылык жол менен насыя арыздарын беришкен.

Айыптоочулар Бароси былтыркы чыгашаларды, таза кирешени жана айлык акыларды бурмалап, салыктын жасалма бланктарын тапшырган деп айыптаган.

Бароси жана анын шериктери сөз кылынган алдамчылык схемасы менен болжол менен 2,1 миллион доллар насыя пайдаланышканы айтылат.

Айлыкты коргоо программасы Америка Кошмо Штаттарындагы COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүп жаткан чакан бизнести колдоо үчүн түзүлгөн миллиарддаган долларлык жардам фондунун бир бөлүгү.



Тектеш кабарлар