Йеменде бири-бирин бомбалоолор тыйыла элек

Йемендин расмий маалымат агенттиги SABA жергиликтүү булактарга таянган кабарына караганда, хуситтер Шабва провинциясынын Үсейлан шаарындагы коомдук базарга ракеталык чабуул жасашкан.

1756189
Йеменде бири-бирин бомбалоолор тыйыла элек

Йеменде хуситтердин базарды бутага алган кол салуусунда 4 жаран каза болду.

Йемендин расмий маалымат агенттиги SABA жергиликтүү булактарга таянган кабарына караганда, хуситтер Шабва провинциясынын Үсейлан шаарындагы коомдук базарга ракеталык чабуул жасашкан.

Кол салууда 4 жаран каза болуп, 6 жаран жараланды.

Кол салуудан улам базардын жанындагы май куюучу жайда өрт чыгып, тегеректеги аймактарда чоң чыгым болгону белгиленди.

Хуситтер кол салуу тууралуу азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

Бир тараптан Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү Йемендин Бейда шаарында Иран колдогон хуситтердин көзөмөлүндөгү аскердик лагерге абадан кол салуу жасады.

Араб коалициясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта хуситтердин Бейдадагы Эс-Севадие аскердик лагерин курал-жарак сактоо, камсыздоо жана кол салуу максатында колдонгону белгиленди.

Эс-Севадие аскердик лагерине туудурган коркунучтан улам абадан кол салуу жасалганы белгиленген билдирүүдө, «Операцияда эл аралык укукка ылайык бардык чараларды көрдүк»,деген билдирүү орун алган.

Хуситтер тарабынан эч кандай билдирүү жасалган жок.



Тектеш кабарлар