Байденден Зеленскийге колдоо убадасы

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, Жо Байден менен Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1755908
Байденден Зеленскийге колдоо убадасы

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Орусия басып кирген учурда анын өлкөсү жана өнөктөштөрү колдоо көрсөтө тургандарын кайталады.

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, Жо Байден менен Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө Байден Зеленскийге «АКШ, союздаштары жана өнөктөштөрү Орусия Украинага басып кирсе сөзсүз жооп кайтарышат»,- деп убада берди.

Эки лидер келерки аптада баштала турган НАТО-Орусия Кеңешиндеги эки тараптуу Стратегиялык туруктуулук диалогу менен Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы дипломатиялык аракеттерди да колдогондорун билдиришти.

Байден сүйлөшүүдө ошондой эле өлкөсүнүн Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, Донбасстагы чыңалууну азайтуу үчүн ишенимди бекемдөө чараларын жана Минск келишиминин ишке ашырылышы үчүн активдүү дипломатияга колдоосун дагы бир жолу баса белгиледи.



Тектеш кабарлар