Йеменде 130 000 мигрант гуманитардык жардамга муктаж
Эл аралык миграция уюму Йеменде 130 000ден ашуун мигранттын гуманитардык жардамга муктаж экендигин жарыялады.

Эл аралык миграция уюму Йеменде 130 000ден ашуун мигранттын гуманитардык жардамга муктаж экендигин жарыялады.
Эл аралык миграция уюму твиттерден берген маалыматында Йемендеги жардамга муктаж мигранттарга саламаттыкты сактоо, коргоо жана гуманитардык жардам бергендиги белгиленип, айрым өлкөлөр тарабынан берилген жардамдар менен бул жардамдардын улантылып жаткандыгы билдирилди.
Билдирүүдө өлкөдө 130 000ден ашуун мигранттын гуманитардык жардамга муктаж экени белгиленди.
Йемен Эфиопия жана Сомали башта болгон Африка мүйүзү өлкөлөрүнөн барган жана Сауд Арабия сыяктуу Перс булуңу өлкөлөрүнө өтүүнү каалаган африкалык мыйзамсыз мигранттар үчүн жол катары колдонулууда.
Узак убакыттан бери саясий туруксуздук өкүм сүргөн Йеменде 7 жылдан бери Иран колдогон хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн ортосундагы кагылышуулар улантылууда.
Тектеш кабарлар

Россия 34 француз дипломатты кааланбаган киши деп жарыялады
Бул кишилер нота элчиге берилген күндөн тарта эки жуманын ичинде Россиядан чыгып кетүүлөрү керек.