Түштүк Кореяда Ковид - 19 чектөөлөрү узартылды

Ковид  - 19 бейтап саны тынчсыздантуучу деңээлге жеткен Түштүк Кореяда өкмөт чектөөлөрдү 2 жумага дагы узартуу чечимин чыгарды.

1755258
Түштүк Кореяда  Ковид  - 19  чектөөлөрү узартылды

Ковид  - 19 бейтап саны тынчсыздантуучу деңээлге жеткен Түштүк Кореяда өкмөт чектөөлөрдү 2 жумага дагы узартуу чечимин чыгарды.

Йонхаптын кабарына караганда, оорулардын саны көбөйгөндөн кийин 18 - декабрда киргизилген чектөөлөрдүн 2 - январга чейин созулушу күтүлүп жаткан. Бирок катуу ооругандардын саны дагы эле көп болгондуктан, өкмөт чектөөлөрдү 16 - январга чейин узартууну чечти.

Түштүк Кореяда Ковид – 19га карата көрүлгөн чаралардын алкагында ресторандар, кафелер жана барлар жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө, кинотеатрлар менен интернет кафелер саат 22:00дө жабылат. Жабык жерлерде  4төн ашык адамды чогулушуна тыюу салынды.

Жалпы өлкөдө 2 жума мурун 8 миңдин тегерегинде болгон күнүмдүк бейтап  саны чектөөлөрдүн таасири менен акыркы күндөрү 4 миңге азайды.

 



Тектеш кабарлар