Түштүк Корея менен АКШ Корей согушун токтотуу боюнча макулдашты

Йонхаптын кабарына караганда, тышкы иштер министри Чунг Эйу-Йонг өлкөсү менен АКШнын согушту токтотуунун маанилүүлүгү боюнча бирдей пикирде экендиктерин айтты.

1755018
Түштүк Корея менен АКШ Корей согушун токтотуу боюнча макулдашты

Түштүк Корея АКШ менен Корей согушун расмий түрдө токтото турган декларациянын долбоору боюнча макулдашканын жарыялады.

Йонхаптын кабарына караганда, тышкы иштер министри Чунг Эйу-Йонг өлкөсү менен АКШнын согушту токтотуунун маанилүүлүгү боюнча бирдей пикирде экендиктерин айтты.

Чунг эки өлкөнүн согушту токтотуу декларациясынын долбоорунун тексти боюнча иш жүзүндө макулдашууга жетишкендигин белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы болсо Түндүк Корея менен диалог жана дипломатия аркылуу Корей жарым аралында туруктуу тынчтыкка жетишүүгө чечкиндүү экендиктерин билдирди.

Басма сөз катчы АКШнын, анын союздаштарынын жана жайгаштырылган күчтөрдүн коопсуздугун бекемдөөчү конкреттүү прогрессти камсыз кылуу үчүн практикалык мамиленин бир бөлүгү катары Түндүк Корея менен алакаларды уланта турганын айтты.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин 13-декабрда АКШ, Кытай жана Түндүк Кореянын Корей согушун расмий түрдө токтотууга принципиалдуу макул болгонун жарыялаган болчу.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ри Тхэ Сонг да сентябрда Пхеньяндын АКШнын “душмандык саясатын” токтотпосо, согушту токтотуу аракетин кабыл албай турганын билдирген эле.



Тектеш кабарлар