Аргентинада тик учар кырсыкка учурады

Кырсыкта 2 киши каза болду.

1755182
Аргентинада тик учар кырсыкка учурады

Аргентинанын Патагония аймагындагы Неукен провинциясында токой өртү өчүрүү ишине катышкан  тик учак кырсыкка учурап, 2 киши каза болду.

Транспорт боюнча коопсуздук кеңеши  кырсыктын себептери боюнча иликтөө башталганын жана ыңгайсыз аба ырайы, техникалык мүчүлүштүк же адамдын жаңылыштыгы окуяга себеп болушу мүмкүн экенин билдирди.

Жергиликтүү бийликтердин маалыматына караганда, өлкөдө 21 күндөн бери болуп келе жаткан токой өртүндө Чубут, Рио-Негро, Формоза жана Неукен штаттарында 4 миң гектардан ашуун токой аянты зыянга учурады.

Аргентина экологиялык жана улантууга боло турган өнүгүү министрлиги өрт өчүрүү топторуна жардам берүү максатында Буенос Айрес жана Сантьяго-дель-Эстеро шаарларынан аймакка дагы 30 өрт өчүрүүчү жиберилгенин жарыялады.

Аймакта акыркы күндөрдө таасирдүү болгон жогорку температура, кургак аба жана шамалдын өрттү көзөмөлдөөнү кыйындатканы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар