Ливияда Маданият министрине камоо чечими чыгарылды

Чечим Ливиянын Башкы прокуратурасынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө жарыяланды.

1754714
Ливияда Маданият министрине камоо чечими чыгарылды

Ливиянын Маданият жана илимий өнүгүү министри Мебруке Туги каржылык коррупция боюнча айыпталып, камоо чечими чыгарылды.

Чечим Ливиянын Башкы прокуратурасынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө жарыяланды.

Билдирүүдө Башкы прокурор Эс-Садик Эс-Сурдун "коомдук мүлктү пайдалануу жана коомдук мүлктү коргогон укуктук мыйзамдарды бузуп, пайда табуу үчүн колдонуу, коомдук мүлктү текшерүү иштеринде расмий документтерди бурмалоо жана жасалмалык" айыптоолору менен Туги тууралуу камоо чечимин чыгаргандыгы белгиленди. 

Министрлик азырынча бул боюнча маалымат бере элек. 

 



Тектеш кабарлар