Иран космоско ракета учурду

Коргоо министрлигинин космостук бөлүмүнүн басма сөз катчысы Ахмед Хусейни, спутник ташуучу кеменин биринчи жолу 3 изилдөө аппаратын 470 километр бийиктикке көтөргөнүн билдирди.

1754815
Иран космоско ракета учурду

Австрияда өзөктүк сүйлөшүүлөр уланып жатканда Иран спутник ташуучу Симург ракетасы менен космоско 3 изилдөө аппаратын учурганын жарыялады.

Коргоо министрлигинин космостук бөлүмүнүн басма сөз катчысы Ахмед Хусейни, спутник ташуучу кеменин биринчи жолу 3 изилдөө аппаратын 470 километр бийиктикке көтөргөнүн билдирди.

Хусейни мындан мурунку 3 сынакта ийгиликсиз болгон ракетанын секундасына 7 350 мтердик кылдамдык менен кеткендигин жана учуруунун ийгиликтүү болгондугун айтты. 

 



Тектеш кабарлар