Бразилияда селде каза болгондордун саны 24кө жетти
Жаралангандардын саны 434 болду.
Бразилиянын Бахия штатында сел апаатынан каза болгондордун саны 24кө жетти.
Бахия Мамлекеттик Жарандык Коргонуу жана Коргоо Көзөмөлүнүн (Sudec) билдирүүсүндө, аймакта ноябрь айынан бери жааган жамгырдан улам селде каза болгондордун саны 24кө, жаралангандардын саны 434кө жеткени билдирилди.
Билдирүүдө сел апаатынан үй - жайсыз калгандардын саны 37 миң 324кө, эвакуациялангандардын саны 53 миң 934кө, селден жабыркагандардын саны 629 миң 398ге жеткени белгиленди.
15 миллиондон ашык калктуу штатта 141 шаардын суу ташкынынан зыян тарткандыгы, өзгөчө кырдаал жарыяланган шаарлардын саны 132ге азайганы жарыяланды.
Бахия штатынын түштүгүндө өткөн аптадан бери жааган жамгырдан улам болгон сел апаатында 37 шаардын толугу менен суу астында калганы жарыяланды.
Бахия штатынын губернатору Руи Коста провинцияга бир эле учурда табигый кырсык жана коронавирустун таасир эткенин, түштүктөгү кээ бир шаарларда бардык дары - дармектер менен вакциналардын жараксыз болгонун айтты.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.