Украинада ооруканада өрт чыкты
Өрттөн 3 бейтап каза болуп, 3 медицина кызматкери жаракат алды жана бирөө оор абалда.
1754419

Украинанын Косив шаарындагы оорукананын коронавирус (Ковид-19) бөлүмүндө чыккан өрттөн 3 бейтап каза тапты.
Ивано-Франковск аймагындагы Косив шаарындагы ооруканада кечээ кечинде Ковид-19 бейтаптары дарыланган бөлүмдө өрт чыкты.
Өрттөн 3 бейтап каза болуп, 3 медицина кызматкери жаракат алды жана бирөө оор абалда.
Алдын ала иликтөөнүн алкагында өрттүн шамдан чыкканы жана жалындын жайылышы менен кычкылтек аппаратынын жарылгандыгы аныкталды.
Окуяга байланыштуу тергөө иштери уланууда.