Канадада суук рекордго жетти

Ванкуверде акыркы жолу 1971 - жылы  -  12,8 градустук суук болгону катталган болсо, жекшемби күнү абанын температурасы  - 15,3  градуска түшүп реклрдго жетти.

1754118
Канадада суук рекордго жетти

Канаданын түндүк жана батыш аймактарында акыркы үч күндөн бери таасирдүү болгон муздак аба толкунунда 42 башка жерде температуранын төмөндөшү рекордго жетти.  

Канаданын метеорология агенттигинин маалыматына караганда, жумшак климаты менен белгилүү болгон Британ Колумбия провинциясынын борбору Ванкуверде 26 - декабрь жекшемби күнү акыркы 50 жылдын эң суук күнү болду.

Ванкуверде акыркы жолу 1971 - жылы  -  12,8 градустук суук болгону катталган болсо, жекшемби күнү абанын температурасы  - 15,3  градуска түшүп реклрдго жетти. 

Ошол эле шаттын 42 башка аймагында 27 - 28 -  декабрь күндөрү температура төмөндөп, 1968 - жылдан бери катталбаган рекорддук суук Канаданын метеорология агенттиги Альберта провинциясынын борбору Эдмонтон жана Калгари шаарларында температуранын - 50 градуска чейин төмөндөп, шамал менен бирге -  56 градуска чейин сезилген суук тууралуу коомчулукту эскертти.

Агенттик Арктикалык шамалдардын аймакты каптап, температуранын төмөндөшүнө алып келерин, Манитоба менен Онтарио, ошондой эле Альберта, Британ Колумбия жана Саскачевандын айрым бөлүктөрүндө температуранын - 50 градус Цельсийге чейин төмөндөгөнүн жарыялады.

Канадада 2011  - жылдан бери биринчи жолу  - 51 градустан төмөн температуранын катталгандыгын билдирген агенттик, катуу шамалдын таасири менен сезилген  температуранын да  - 55 градуска чейин төмөндөгөнүн билдирди. 

26-декабрда Канаданын түндүк - батыш аймагындагы Rabbit Kettle шаарында  -  51,1 градус суук катталды. Агенттик катуу сууктун жаңы жылга чейин уланары боюнча эскертти

 

 

 

 



Тектеш кабарлар