Израиль палестиналыктарга таандык 11 үйдү талкалады

Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериадагы Тубас провинциясында «лицензиясыз» курулуп жатат деген шылтоо менен палестин үйлөрүн талкалады.

1753914
Израиль палестиналыктарга таандык 11 үйдү талкалады

Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериадагы Тубас провинциясында «лицензиясыз» курулуп жатат деген шылтоо менен 11 палестин имаратын талкалады.

Палестиналык жооптуу кызматкер Мутез Бишарат, Израиль аскерлеринин Тубас провинциясынын Ибзик айылына кол салып, палестиналыктардын калай плиталардан курган 11 үйдү лицензиясыз курулган деген жүйө менен талкалаганын айтты.

Бишарат кыйратууларды айыптап, Израилдин Иордан өрөөнү (Агвар) калкын конуш долбоорлору үчүн көчүрүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Израилдин аскерлери бүгүн таңкы сааттарда ушул эле шылтоо менен Хеврон шаарынын түштүгүндөгү палестиналыктардын үйүн талкалаган.



Тектеш кабарлар