Иран менен уланып жаткан өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн 8-айлампасы тууралуу маалыматтар...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс телекөпүрө аркылуу өткөргөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1754071
Иран менен уланып жаткан өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн 8-айлампасы тууралуу маалыматтар...
iran nükleer.jpg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Австриянын борбор шаары Венада уланып жаткан Иран менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасында кээ бир жылыштар болгондугун, бирок олуттуу комментарий берүү үчүн али эрте экенин айтты.

Прайс телекөпүрө аркылуу өткөргөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Иран менен уланып жаткан өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн 8-айлампасында жылыш болдубу деген суроого жооп берип жатып Прайс, кээ бир жылыштар болгонуна көңүл буруп: «Бирок бул сүйлөшүүлөрдүн канчалык күчтүү экенин айтууга азырынча эрте»,-деп жооп берди.

АКШнын басма сөз катчысы Венадагы сүйлөшүүлөр кандай өнүгө турганы белгисиз жана Тегерандын мамилеси тууралуу этияттык менен сөз сүйлөөсү керектигин айткан.

Ирандын өзөктүк программасын жакында тездетүүсүн сындаган Прайс, Иран сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасына канчалык конструктивдүү келгенин айтууга али эрте деген көз карашты бөлүштү.

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешине караштуу «Нурньюс» гезити бүгүн жарык көргөн кабарында, Венада жүрүп жаткан өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ирандын келишимге жетишилсе санкциялар жоюла турганы жөнүндө кепилдик берүү жана ырастоо талаптарын АКШ жана өзөктүк курал боюнча тараптар кабыл алганын жазып чыккан.

Өзөктүк келишимдин толук аткарылышын камсыздоо жана АКШнын келишимге кайтып келиши боюнча сүйлөшүүлөр Венада Орусия, Кытай, Германия, Франция, Англия жана Ирандын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Сүйлөшүүлөргө кыйыр түрдө катышкан АКШ Ирандан келишимдеги милдеттенмелерин аткарууну талап кылса, Тегеран өзөктүк келишимден чыккан тарап катары адегенде Вашингтон келишимге кайтып, санкцияларды алып салууну жана АКШнын санкциялары чындыгында алып салганын ырастагысы келет.



Тектеш кабарлар