Франция омикрон вариантына каршы чараларды катуулатууда
Бүгүнтөн баштап күчүнө кире турган чаралар 3 жумага созулат.

Франция коронавирус (Ковид-19) пандемиясы башталгандан бери 23-декабрда эң көп учур катталгандан кийин Ковид-19нун омикрондук вариантынын жайылышын токтотуу үчүн кошумча чараларды көрдү.
Премьер-министр Жан Кастекс жана саламаттыкты сактоо министри Оливер Веран жарыялаган жаңы чараларга ылайык, иш-чараларга катышуу имараттын ичинде 2,000 адам жана сыртта 5,000 адам менен чектелет.
Спорт аянтчаларында, кино-концерт сыяктуу маданий иш-чараларда, коомдук транспортто жеп-ичүүгө тыюу салынат, ал эми барларда жана кафелерде тамак-ашты туруп алып эмес отуруп жегенге гана болот.
Шаардын борборунда маска колдонуу милдеттүү болот жана мүмкүн болгондордун бардыгы жумасына 3 күн үйдөн иштешет.
28-декабрдан тарта вакцинанын экинчи дозасынан 3 ай өткөн ар бир адам эскертме дозасын ала алат жана эки вакцинанын ортосундагы мөөнөт эң көп дегенде 4 ай болот.
Бүгүнтөн баштап күчүнө кире турган чаралар 3 жумага созулат.
23-декабрь Францияда пандемия башталгандан бери 91 миң 608 адам менен күнүмдүк эң көп учур катталган күн болду.
Тектеш кабарлар
Швецияда НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылуу документине кол коюлду
Линде кайрылуу документинин кыска убакытта Финляндия менен бирге НАТОго жеткирилерин кошумчалады.