Замбияда 5 миңден ашуун адам алтын кенин басып алды

Борбордук провинциянын төрагасы Кредо Нанжува минералдык кенди коргоо үчүн аймакка аскер бөлүктөрүн жайгаштыруу керектигин билдирди.

1752491
Замбияда 5 миңден ашуун адам алтын кенин басып алды

Замбияда 5 миңден ашуун жергиликтүү жана чет элдик  борбор шаар Лусака жакындарындагы алдын кенин басып алды.

Замбиянын кен байлыктар боюнча министри Паул Кабусве аймакка жасаган сапарында Борбордук провинциядагы  кендерде алтын издеген картелдердин  улуттун мүлкүн өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгондугун айтты.

Кенде алтын тазалаган 5 миңден ашуун жергиликтүү жана чет элдиктин бар экендигин айткан Кабусве  акыркы жолу өлкөнүн түндүгүндө Касенселидеги алтын кендериндеги кен казуу иштери өлүмгө жол ачкандыктан казуу иштерин токтотушкандарын белгиледи.

Борбордук провинциянын министри Кредо Нанжува минералдык кенди коргоо үчүн аймакка аскер бөлүктөрүн жайгаштыруу керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар