Ливия көз карандысыздыгынын 70 жылдыгын белгиледи
Майрамга өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген жүздөгөн адам катышты.

Ливия эли өлкөнүн Италиядан көз карандысыздыгынын 70 жылдыгын борбор шаар Триполидеги Шейиттер аянтында белгиледи.
Триполи шаардык кеңешинин мүчөсү Али Абдуллах Хавас, элдин эгемендүүлүк күнүн тынчтык, ырааттуулук жана коопсуздук ичинде майрамдашканын айтты.
«Аллахтан Ливия, Ливия калкы жана бардык мусулмандар үчүн туруктуулук жана коопсуздук чөйрөсүн сактап калуусун суранабыз»,- деген Хавас айрымдарынын 24 - декабрдан кйин Ливия жерлеринде кайрадан согуштун баштала тургандыгын айтышкандарын, бирок элдин мындай божомолдорду жокко чыгаргандыгын белгиледи.
Майрамга өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген жүздөгөн адам катышты.
Тектеш кабарлар
Швецияда НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылуу документине кол коюлду
Линде кайрылуу документинин кыска убакытта Финляндия менен бирге НАТОго жеткирилерин кошумчалады.