Еврей отурукташуучу унаасы менен тебелеген палестиналык аял каза болду

Рамаллах шаарынын жакындарында бир еврей отурукташуучу унаасы менен 60 жаштагы Гадир Мусахемени тебелеп кетти.

1752352
Еврей отурукташуучу  унаасы менен тебелеген палестиналык аял каза болду

Израиль оккупациясындагы Батыш Шериада бир еврей отурукташуучунун унаасы менен тебелеген палестиналык аял каза болду.

Рамаллах шаарынын жакындарында бир еврей отурукташуучу унаасы менен 60 жаштагы Гадир Мусахемени тебелеп кетти.  

Оор жараланган жана тез жардам менен ооруканага алып барылган палестиналык аял каза болду. Еврей отурукташуучу болсо тез жардам келгенден мурда окуя болгон жерден качып кеткен.

Оккупация астындагы Батыш Шериа көпчүлүгү куралдуу болгон еврей отурукташуучулардын палестиналыктарга карата барган сайын күч алган кол салууларына күбө болууда.

Еврей отурукташуучулар кээ кээде унаалары менен атайын тебелеген палестиналыктардын жаракат алуусуна ал түгүл өлүмүнө себеп болууда.

Израилдин 1967 -  жылы оккупацияга алган Батыш Шериада 250дөн ашуун мыйзам тышы еврей отурукташуу жери бар. Бул жерлерде жашаган 500 000ге жакын еврей отурукташуучу оккупация астында жашаган палестиналыктардын турмушун андан бетер кыйындатууда.

Эл аралык мыйзамдарга ылайык, оккупацияланган аймактагы бардык еврей отурукташуу жерлери  мыйзамсыз деп эсептелүүдө.



Тектеш кабарлар