Путин жылдык маалымат жыйынын өткөрдү

Путин борбор шаар Москвадагы жылдык маалымат жыйынында Орусиянын Украинага кол салуу ыктымалдуулугуна баа берди.

1751791
Путин жылдык маалымат жыйынын өткөрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин НАТО чыгышты көздөй илгерилебейт деген сөзүндө турбаганын жана аларга коопсуздукка байланыштуу кепилдиктерди «дароо» бериши керектигин айтты.

Путин борбор шаар Москвадагы жылдык маалымат жыйынында Орусиянын Украинага кол салуу ыктымалдуулугуна баа берди.

«Украинага же башка суверендүү өлкөгө кол салбайбыз деп кепилдик бере аласызбы же бул Орусия менен АКШнын (АКШ) жана НАТОнун ар кандай коопсуздук кепилдиктери боюнча сүйлөшүүлөрүнөн көз карандыбы?» деген суроого Путин мындай деди: «Биздин аракеттер сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө эмес, бүгүнкү күндө жана тарых бою Орусиянын коопсуздугун эч кандай шартсыз кепилдикке алуудан көз каранды. Бул контекстте биз НАТОнун чыгышты көздөй жылышынын кабыл алынгыс экенин кылдат түшүндүрдүк. Бул жерде эмне түшүнүксүз болуп жатат? Биз АКШнын чек араларына жакын жерге ракеталарыбызды жайгаштырып жатабызбы? Жок. Кошмо Штаттар биздин уйгө өзүнүн ракеталары менен келди. Бул ракеталар азыр биздин үйүбүздүн босогосунда турат. Чабуулчу ракеталар биздин үйүбүздүн жанына коюлбасын деп сурануу керексиз талаппы? Бул жерде адаттан тыш эмне бар?»

Путин: «Эгерде биз ракеталарыбызды Канада менен Америка Кошмо Штаттарынын, Америка Кошмо Штаттары менен Мексиканын чек арасына жайгаштырсак, Кошмо Штаттары кандай кабыл алмак? Мексика менен АКШнын ортосунда аймактык талаш-тартыштар болгон эмес беле? Ал эми Калифорния, Техас штатына мурда ким ээлик кылган. Муну унутуп калдыңарбы?»,-деп сереп салды.

Украинанын кантип түзүлгөнүн унута электерин белгилеген Путин:«Владимир Ленин Советтер Союзун түзгөн кезде Украинаны да түзүп кеткен»,-деп айтты.

Орусия, АКШ жана НАТОнун ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнүн багыты эмес,жыйынтыгы алар үчүн маанилүү экенин баса белгилеген Путин: «НАТО 90-жылдары чыгышты көздөй жылбайт деп убада кылган”,-деди.

Путин сөзүн мындайча жыйынтыктады: «Алар бизди жүзүкаралык менен алдашты. Азыр НАТО 5 эсеге кеңейди. Азыр Румыния жана Польшага ракеталар жайгаштырылууда. Биз эч кимди коркуткан жокпуз. Биз АКШнын же Англиянын чек араларына чейин бардыкпы? Алар бизге келишти. Эми Украина дагы НАТОго алына турганын айтып жатышат. Анда Украинада да ушундай системалар болот же эки деңгээлдүү базалар жана чабуул системалары болот. Сиз бизден кепилдик каалайсыз. Бизге дароо кепилдик беришиңиз керек».



Тектеш кабарлар