Япониядан Ооганстанга 100 миллион долларлык гуманитардык жардам

Япон өкмөтү 2021-жылдын октябрь айында Ооганстанга чукул гуманитардык жардам катары 58 миллион доллар жөнөткөн.

1750651
Япониядан Ооганстанга 100 миллион долларлык гуманитардык жардам

Япония Ооганстанга 100 миллион долларлык гуманитардык жардам берерин маалымдады.

Япониянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Ооганстанга медицина, азык түлүк, суу жана санитардык материалдардан турган 100 миллион долларлык жардам жөнөтүлөт.

Жардамдар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) менен катар 16 башка эл аралык уюмдар аркылуу жеткирилет.

Коомдук телеканал NHK бул жардамдын Талибан башкаруусу кызматка киришкенден кийин Япониянын Ооганстанга жөнөтө турган экинчи жардам пакети болорун белгиледи.

Япон өкмөтү 2021-жылдын октябрь айында Ооганстанга чукул гуманитардык жардам катары 58 миллион доллар жөнөткөн.

Мындан тышкары министрлик Иран, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстанга түрдүү көлөмдөгү гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар