Филиппинде "Рай" тайфунунан каза болгондордун саны көбөйдү

Дайынсыз жоголгон 52 кишини издөө иштери уланып жатканда, 239 кишинин да жаракат алганы белгиленди.

1749785
Филиппинде "Рай" тайфунунан каза болгондордун саны көбөйдү

Филиппиндин борбордук жана түштүк-чыгыш аймактарына таасирин тийгизген «Рай» тайфуну себеп болгон апааттан каза тапкандардын саны 208ге жеткени билдирилди.

Британ Би-Би-Си телеканалынын кабарына караганда ылдамдыгы саатына 195 километрге жеткен бороон өлкөнүн көп жеринде электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына жана олуттуу кыйроого алып келди.

Өлкөнүн борбордук жана түштүк-чыгышында тайфундан улам болгон сел, катуу бороон жана кыйроолордон каза тапкандардын саны 208ге жетти.

Дайынсыз жоголгон 52 кишини издөө иштери уланып жатканда, 239 кишинин да жаракат алганы белгиленди.

Бир тараптан жер көчкү жана суу ташкындарынан улам дагы көп жоготуулар болушу мүмкүн экени кооптондурууда.

Кырсыктан болжол менен 780 миң киши таасирленгени жана 300 миң айыл тургуну эвакуацияланып, коопсуз аймактарга баш калкалагандары билдирилди.

Филиппин армиясы чукул жардам жана издөө-куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн аймакка аскерлерин жөнөттү.

Аймакта иликтөөлөрдү жүргүзгөн президент Родриго Дутерте 40 миллион долларлык жардам көрсөтүлөрүн айтты.

Бир тараптан Кытайдын Гонконг өзгөчө административдик аймагында, Тынч океандагы Филиппин жээктерин таасир эткен Рай тайфунунан улам коңгуроо кагылды.

Гонконг обсерваториясы шаардын 640 чакырым түштүк-батышындагы тропикалык бороондон улам 1 номердеги тайфун тууралуу эскертүү берди.

Бул эскертүү 1974-жылдагы "Супер Ирма тайфунунан" бери 47 жылдын ичинде берилген биринчи тайфун эскертүүсү болду.

1 номердеги тайфун эскертүүсү эң жогорку эскертүү деңгээлин билдирет.



Тектеш кабарлар