Түштүк Кипр Рум башкаруусу NAVTEX жарыялады

Түндүк Кипр Түрк Республикасы Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги талаштуу аймакта  NAVTEX жарыялаган Түштүк Кипр Рум башкаруусуна каршылык көрсөттү.

1749280
Түштүк Кипр Рум башкаруусу NAVTEX жарыялады

Түндүк Кипр Түрк Республикасы Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги талаштуу аймакта  NAVTEX жарыялаган Түштүк Кипр Рум башкаруусуна каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түштүк Кипр Рум башкаруусунун «Один Финдер» аттуу Италия желектүү кеме менен 2021 -  жылдын  17 -  декабры жана 2022 -  жылдын  январь айларында Чыгыш Жер Ортолук деңизинде иштей турганын  14  декабрда жарыялаган  NAVTEX менен билдиргендиги белгиленди.

Иш пландалган аянттын Түндүк Кипр Түрк Республикасы тарабынан Түркия нефтилери акционердик өнөктөштүгүнө лицензия берилген уруксат аянты менен дал келгендиги билдирилген маалыматта булар белгиленди : «Рум тарабынын Кипр түрк калкынын тең укуктуу жана ээ болгон укуктарын басып алуудан баш тартпагандыгы ачык. Бардык эскертүүлөрүбүзгө карабастан улантылып жаткан бул бир тараптуу иштер Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагындагы  чыңалууну күчөткөндөн башка максаты жок».

Маалыматта эң башта Европа Биримдиги жана башка эл аралык жамааттын Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтык чөйрөсүнүн жаратылышына тоскоол болгон тараптын рум тарабы экендигин көрүшү керектиги баса белгиленди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ата мекени Түркия менен басып алынууга аракет кылынган мыйзамдуу укук жана кызыкчылыктарын сактап калуу максатында тиешелүү кадамдарды таштай тургандыгы белгиленген маалыматта : «Кипр түрк калкынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо максатында көз караштарыбыздын катталышы жана талаптарыбызга көңүл бурулушу үчүн тийиштүү мекемелердин негизинде аракеттерибиз улантылат»,- деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар