Пакистанда жаратылыш газы жарылды

Алгачкы маалыматтарга караганда, жарылуудан 12 адам каза болуп, 12 адам жаракат алып, көптөгөн үйлөр,  ишканалар жана унаалар жабыркаган.

1749364
Пакистанда  жаратылыш газы жарылды

Пакистандын Карачи шаарында жаратылыш газ түтүгүнүн жарылуусунан 12 адам каза болду.

Пакистандагы жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Карачинин Парача Човк аймагындагы жаратылыш газ түтүкчөсүндө жарылуу болду.

Алгачкы маалыматтарга караганда, жарылуудан 12 адам каза болуп, 12 адам жаракат алып, көптөгөн үйлөр,  ишканалар жана унаалар жабыркаган.

Коопсуздук күчтөрү жарылуу газдын чыгышынан улам болгон деген божомолду карап жатышат. Бомба жарыдуучу топтор да жиберилген аймакта издөө  -  куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. 


 



Тектеш кабарлар