Мексикада жашыруун мүрзөдөн 7 адамдын сөөгү табылды

Мексиканын түндүк - чыгышындагы Нуэво-Леон штатындагы жашыруун мүрзөдөн 7 адамдын сөөгү чыгарылды.

1749031
Мексикада жашыруун мүрзөдөн 7 адамдын сөөгү табылды

Мексиканын түндүк - чыгышындагы Нуэво-Леон штатындагы жашыруун мүрзөдөн 7 адамдын сөөгү чыгарылды.

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда штаттын Салинас Виктория шаарчасында берилген маалымат боюнча  аныкталган жашыруун көрүстөндө жүргүзүлгөн изилдөө иштеринде көп сандаган сөөк табылды.

Бийлик прокуратура менен милициянын коштоосунда мүрзөдөн чыгарылган сөөктөрдүн 7 адамга таандык экенин белгиледи.

Мамлекеттик Башкы прокуратура аймакта дагы көп сөөктүн болушу мүмкүн экенин жана издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Жабырлануучулар кылмыштуу топтордун ортосундагы тирешүүнүн натыйжасында өлтүрүлгөн деп болжолдолууда.

Мексикадагы издөө комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөдө дайынсыз жоголгон 94 500 адамдан кабар жок.

 

 



Тектеш кабарлар