Жамму Кашмирде кол салуу болду

Кол салууда 2 полиция каза болуп, 14 полиция жараланды.

1747447
Жамму Кашмирде кол салуу болду

Индиянын Жамму Кашмир штатында полиция автобусуна жасалган кол салууда 2 полиция каза болуп, 14 полиция жараланды.

Жамму Кашмир полиция кызматкерлеринен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда борбор шаар Сринагарда козголоңчулар полицияны ташыган автобуска ок аткан.

Кол салууда 2 полиция каза болуп, 14 полиция жараланды.

Кол салууну ишке ашырган козголоңчулардын биринин Шопиандын тургуну, экинчисинин аты-жөнү белгисиз чет элдик экени билдирилди.

Ошол эле учурда полиция автобусуна кол салуудан мурда Сринагардын Рангрет районундагы текшерүү пунктунда болгон эки башка кагылышууда 2 козголоңчунун өлтүрүлгөнү жарыяланды.



Тектеш кабарлар