Венгрияда иммигранттарды ташыган унаа кырсыкка учурады: 7 адам каза болду

Айдоочу ылдам качып кетүүгө аракет кылып жатканда рулду башкара албай имаратты сүздү.

1747183
Венгрияда иммигранттарды ташыган унаа кырсыкка учурады: 7 адам каза болду

Венгрияда мыйзамсыз мигранттарды ташыган унаанын кырсыкка учурашынан 7 киши каза болуп, 4 киши жаракат алды.

Полициянын билдирүүсүнө караганда, унаанын айдоочусу Сербия чек арасына жакын жердеги Морахаломдо токто деген эскертүүгө баш ийген эмес.

Айдоочу ылдам качып кетүүгө аракет кылып жатканда рулду башкара албай имаратты сүздү.

Кырсыктан 7 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды.

Жаракат алгандардын арасындагы айдоочу окуя болгон жерден кармалды.

Айдоочуга адам аткезчилиги жана кырсыкка себепкер деген айып коюлары айтылды.



Тектеш кабарлар