Столтенберг кызматы аяктагандан кийин Норвегияда Борбордук банктын төрагасы болгусу келет

Норвегиянын Каржы министрлиги Борбордук банктын төрагалыгына 22 талапкердин тизмесин жарыялады.

1747475
Столтенберг кызматы аяктагандан кийин Норвегияда Борбордук банктын төрагасы болгусу келет

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОдогу кызматы аяктагандан кийин өлкөсү Норвегияда Борбордук банкты башкарууга арыз берди.

Норвегиянын НТБ маалымат агенттигинин кабарына караганда, Норвегиянын Каржы министрлиги Борбордук банктын төрагалыгына 22 талапкердин тизмесин жарыялады.

Буга чейин 8 жылдан ашык Норвегиянын премьер-министри жана 4 жыл каржы министри болгон, ошондой эле Эмгек партиясынын жетекчилигин жүргүзгөн Столтенбергдин 22 кишилик тизмеде болгону билдирилди.

НТБ агенттигине маалымат берген Столтенберг Борбордук банктын жетекчилигине талапкерлигин ырастады.

НАТОнун баш катчысы болуп эки мөөнөт иштеген Йенс Столтенбергдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-октябрында аяктайт.

Жаңы баш катчынын июнь айында Испанияда өтө турган НАТОнун саммитинде аныкталышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар